Мексикада заводдо кагылышуу чыкты
Кагылышууда 8 киши каза болуп, 11 киши жарадар болду.
1819858
Мексиканын Хидалго штатынын борбордук бөлүгүндөгү цемент заводунда атаандаш жумушчу топтордун кагылышуусунан 8 киши каза болуп, 11 киши жарадар болду.
Идальго губернатору Омар Фаяд Твиттерде Cruz Azul цемент заводунда атаандаш жумушчу топтордун ортосунда кагылышуу болгонун билдирди. Кагылышууда 8 кишинин каза болгонун, 11 кишинин жараланганын белгилеген Фаяд окуяга байланыштуу 9 кишинин кармалганын айтты.
Жаңжал учурунда айрым унаалар жабыркаган.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.