Түндүк Кореянын лидери өзөктүк күчтөрүн өнүктүрөрүн айтты

Ким континенттер аралык баллистикалык ракеталар көргөзмөгө коюлган аземде сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн өзөктүк күчтөрүн «максималдуу ылдамдыкта» өнүктүрө турганын айтты.

1818291
Түндүк Кореянын лидери өзөктүк күчтөрүн өнүктүрөрүн айтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзөктүк күчтөрүн “максималдуу ылдамдыкта” өнүктүрөрүн билдирди.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинде (KCNA) орун алган кабарга караганда, Ким Түндүк Корея армиясынын курулушунун 90 жылдыгына карата борбор шаар Пхеньянда өткөрүлгөн аскердик аземди көрдү.

Ким континенттер аралык баллистикалык ракеталар көргөзмөгө коюлган аземде сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн өзөктүк күчтөрүн «максималдуу ылдамдыкта» өнүктүрө турганын айтты.

Атомдук күчтөрдүн негизги миссиясынын тоскоол болуу экенин айткан  Ким :

"Бирок, эгерде биздин жерибизде жагымсыз кырдаал жаралса, анда биздин өзөктүк күчтөр бир гана миссия менен чектелиши мүмкүн эмес. Эгерде кандайдыр бир күч биздин түпкү кызыкчылыктарыбызга кийлигишүүгө аракет кылса, биздин өзөктүк күчтөрүбүздүн экинчи миссиясын аткаруудан башка аргасы калбайт",- деди.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин кабарында Түндүк Кореянын эң чоң континенттер аралык баллистикалык ракетасы Хвасонг-17нин парадга катышканы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Йонхап агенттиги спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, парадга 20 миңдей аскер жана 250дөн ашык аскердик техника катыша аларын жарыялаган.

  |



Тектеш кабарлар