Япония Орусиядан 38 продукцияны импорттоого тыюу салды

Япон өкмөтү Орусияга санкцияларын күчөтүүдө.

1815076
Япония Орусиядан 38 продукцияны импорттоого тыюу салды

Япония Украинага каршы согуш баштаган Орусиядан ар кандай секторлордо 38 продукцияны импорттоого тыюу салды.

Япон өкмөтү, Украинадагы согуштан кийин орусиялык бизнес дүйнөсүнө каршы комплекстүү санкцияларын күчөтүүдө.

Чечимге ылайык, алкоголдук ичимдиктерди, жыгачтан жасалган буюмдарды жана электр машиналарын алып кирүүгө тыюу салынды.

Импорттоого тыюу салынган өнүмдөрдүн 2021-жылы Япониянын Орусиядан импортунун 1,1 пайызына туура келгени белгиленди.

Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги, аталган продукциялар үчүн альтернативдүү импорт жолдоруна артыкчылык берилерин жарыялады.

Министрлер кабинетинин баш катчысы Мацуно Хироказу эл аралык санкциялардын орус экономикасына таасирин тийгизип жатканын билдирди.

Мацуно: «Япония эл аралык коомчулук менен кызматташып, кризистин күчөшүнө жол бербөө жана ок атышууну тез арада токтотууга жетишүү үчүн Орусияга катуу санкцияларды киргизүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар