Мьянмада аскердик башкаруу 1619 туткунду бошотот

Янгондогу Инсеин түрмөсүнүн расмий өкүлүнүн айтымында, ушул кезге  чейин 160 туткун бошотулган, бирок алардын бири да саясий кылмыштар үчүн соттолгон эмес.

1813772
Мьянмада аскердик башкаруу 1619  туткунду бошотот

Мьянмадагы аскердик администрация салттуу Жаңы жыл майрамынан улам 1619 туткундун бошотула турганын билдирди.

MRTV телеканалы Мьянманын аскердик лидери генерал Мин Аун Хлаинг салттуу Жаңы жыл майрамынан улам 42си чет элдик  болгон 1619 туткунга амнистия бергендигин жана бул адамдардын эркиндикке чыгарын жарыялады.

Янгондогу Инсеин түрмөсүнүн расмий өкүлүнүн айтымында, ушул кезге  чейин 160 туткун бошотулган, бирок алардын бири да саясий кылмыштар үчүн соттолгон эмес.

Саясий туткундар ассоциациясынын мурдагы мүчөсү Тун Чжи  саясий туткундардын бошотулбай жатканы таң калыштуу эмес экендигин, анткени генералдын   өкмөтүнө каршы чыккандарды кылмышкер деп эсептегендигин айтты. 

 



Тектеш кабарлар