Россия : "Украина чагымчылдыкка даярданып жатат"

Михаил Мизинцев Украинага каршы баштаган согушка байланыштуу маалымат берди.

1813140
Россия : "Украина чагымчылдыкка даярданып жатат"

Россиянын Коргоо министрлиги Украина “Точка-У” ракеталык комплексин колдонуу менен “чагымчыл аракеттерди” даярдап жатканын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлигинин Улуттук көзөмөлдөө борборунун башчысы Михаил Мизинцев Украинага каршы баштаган согушка байланыштуу маалымат берди.

Киев администрациясы жаңы «провокацияларды даярдап жатат» деген Мизинцев буларды айтты : «Киев администрациясыорус армиясын жарандардын өлтүрүү жана согуштук кылмыш кылуу менен айыптоо үчүн Краматорскидегидей коркунучтуу чагымчылдыкты даярдап жатат. Ушул максатта жакынкы убакта Лозова отурукташуу пунктунда поезд станциясындагы качкындарга «Точка -У» ракеталык системасы менен Украина куралдуу күчтөрүнүн 19 – бригадасы тарабынан кол салуу болот».

«Точка-У» ракеталарынын «Украина куралдуу күчтөрү тарабынан гана колдонулуп жатканын» билдирген Мизинцев Украина администрациясынын эл аралык укукту сыйлабаганын жактады.



Тектеш кабарлар