АКШда метродо болгон кол салуу

АКШда Нью Йорк полициясы Бруклиндеги метро станциясында кечээ болгон жана 23 киши жаракат алган кол салуу тууралуу 62 жаштагы Фрэнк Р. Жеймс аттуу кишинин "шектүү" катары изделип жатканын билдирди.

1811395
АКШда метродо болгон кол салуу

АКШда Нью Йорк полициясы Бруклиндеги метро станциясында кечээ болгон жана 23 киши жаракат алган кол салуу тууралуу 62 жаштагы Фрэнк Р. Жеймс аттуу кишинин "шектүү" катары изделип жатканын билдирди.

Нью - Йорк полициясы берген маалыматта Африка тектүү америкалык экендиги белгиленген Жеймстын окуя болгон жерге баруу үчүн  колдонгон жүк ташуучу унаадан табылган далилдердин окуя болгон жердеги табылгалар менен дал келгендигин билдирди. 

Полиция Жеймстын  бул жүк ташуучу унааны ижарага алган киши  катары шектүү болуп жаткандыгын айтып, бул кишинин кол салууну жасаган кишиби же кол салуучу менен байланышы барбы же жокпу так маалымат берген жок. 

Филадельфия жана Висконсинде катталган  адрестеринин бар экендги белгиленген Жеймсты издөөнү уланткан полиция шектүү табыла турган болсо териштирүүнүн так бир жерге келерин баса белгиледи. 

Бир тараптан мындан мурда 16 деп билдирилген жаралуу саны акыркы билдирүүдө 23 деп жаңыланды, бул кишилерден онунун курал менен жаралангандыгы жана өмүрү коркунучта болгон кишилердин жок экендиги маалымдалды. 

АКШнын президенти Жо Байден бул тууралуу биринчи баа берүүсүндө : "Ок атуулардан тартынбастан жүргүнчүлөргө жардам берген жана биринчи жардамды берген топторго ыраазычылык билдирем",- деди. 

Байден  командасынын Нью-Йорк шаарынын мэри Адамс, Нью - Йорк полиция департаменти, ЦРУ менен тыгыз байланышта экенин жана окуяга кылдат байкоо салып жатканын айтты.

Кечээ Бруклиндеги бир метро станциясында болгон кол салууда 16 кишинин жаракат алгандыгы, алардын ичинен онунун ок атуучу курал менен жаралангандыгы билдирилген. 

Нью - Йорк полиция департаменти, Өрт өчүрүү департаменти  жана Нью - Йорктун губернатору Кэти Кочул кол салуу тууралуу пресс  - жыйынында  алгачкы тыянактарга караганда, окуя террордук окуя эмес экенин билдиришти.

Штаттын жетекчилери эрте мененки сааттарда Бруклиндеги бир метро станциясында болгон окуяда 16 кишинин алардын ичинен онунун ок атуучу куралдан жаракат алгандыгын, жаралуулардын аймакка эң жакын 2 ооруканада дарыланып жаткандыгын, айрымдарынын  абалынын олуттуу экендигин билдирген.

Нью-Йорк полиция департаментинин комиссары Кичант Сьюэлл   кызгылт сары түстөгү курулуш жилет жана противогаз кийген шектүүнүн Африка тектүү экендигин, айланадагы  жана платформадагы жүргүнчүлөргө туш келди ок аткандыгын белгилеген. 

 



Тектеш кабарлар