Орусия 52 “дос” өлкө менен учууларын кайра баштайт
Мишустин Ковид-19 пандемиясынан улам пландуу жана чартердик каттамдар үчүн колдонулган чаралар 9-апрелден тарта токтотула турганын айтты.
1806897
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 9-апрелден тарта 52 "дос" өлкө менен аба каттамдарынын кайрадан жанданарын билдирди.
Борбор калаа Москвада өкмөт өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында Мишустин, Ковид-19 пандемиясынан улам пландуу жана чартердик каттамдар үчүн колдонулган чаралар 9-апрелден тарта токтотула турганын айтты.
Орус жарандарынын көптөгөн өлкөгө чектөөсүз уча ала турганын эске салган Мишустин: "9-апрелден тарта Аргентина, Индия, Кытай жана Түштүк Африка сыяктуу 52 дос өлкөгө каттамдар жанданат",- деди.
Санкциялардан улам Евробиримдик менен Америка Кошмо Штаттары орус учактары үчүн аба мейкиндигин жабуу чечимин чыгарган, Орусия да ушундай эле санкция чечимин күчүнө киргизген.