Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Окуяга күбө болгондор кол салууда 15 кишинин жараланганын айтышты.

1806269
Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы валюталык соода борбору Шехзаде базарында болгон жардыруудан 10 киши жараланды.

Шехзаде базарынын валюталык соодагерлер биримдигинин жооптуусу Хажы Зирек басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, базардын ичине коюлган бомбанын жарылышынын натыйжасында 10 кишинин жараланганын белгиледи.

Окуяга күбө болгондор кол салууда 15 кишинин жараланганын айтышты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Бир тараптан батыштагы Герат провинциясында 1-апрелде болгон жардыруу үчүн террордук уюм ДЕАШ жоопкерчиликти моюнга алды.

Көбү шииттер жашаган Гераттын Жебраил аймагында жергиликтүү оюн учурунда бомбалуу кол салууда 5 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар