Россиянын Париждеги элчиси Франциянын тышкы иштер министрлигине чакырылды

Франциянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Россиянын Париждеги элчилигинин Твиттерден бөлүшкөн карикатурасынын кабыл алынгыс экени белгиленди.

1802228
Россиянын Париждеги элчиси Франциянын тышкы иштер министрлигине чакырылды

Францияда Россиянын Париждеги элчиси Алексей Мешков социалдык медиада европалыктарды чагылдырган карикатурадан улам Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Россиянын Париждеги элчилигинин Твиттерден бөлүшкөн карикатурасынын кабыл алынгыс экени белгиленди.

Элчи Мешковдун министрликке чакырылгандыгы белгиленген маалыматта : «Россия менен диалог каналын улантууга аракет кылып жатабыз бирок мындай кыймылдар толугу менен пропорционалдуу эмес»,- деп айтылды.

Француз басма сөзүндөгү  кабарда элчиликтин Твиттерде жарыяланган карикатурада Америка Кошмо Штаттарынын өкүлүнүн алдында чөгөлөгөн европалыктардын кемсинтилген абалда экендиги билдирилди. Бул карикатура кийинчерээк өчүрүлдү.

 



Тектеш кабарлар