Болгария Москвадагы элчисин Софияга чакырды

Болгария Софияда кызмат кылган 10 орус дипломатты «кааланбаган киши» деп жарыялаган.

1801444
Болгария Москвадагы элчисин Софияга чакырды

София менен Москванын ортосундагы дипломатиялык чыңалуу Россиянын  24 - февралда Украинага каршы баштаган согушунан кийин күчөдү.

Болгария администрациясы Москвадагы элчиси Атанас Кристинди борбор шаар Софияга «кеңешүү» үчүн чакырды.

Премьер - министр Кирил Петков басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Россиянын Софиядагы элчиси Элеонора Митрофанованын бир айдан бери Болгарияга карата  «адепсиз мамилесин жана билдирүүлөрүн» сынга алып, бул элчиге карата чаралардын көрүлүп жатканын билдирди.

Петков : «Чет элдик дипломаттын болгариялыктарга жана биздин өкмөткө  акаарат кылуусу кабыл алынгыс»,- деди.

Ушул себептен Москвадагы элчиси Атанас Кристинди Софияга «кеңешүү»  үчүн чакырганын билдирген Петков Россиянын да ушундай эле кадам менен Митрофанованы артка кайтарышын күткөндөрүн айтты.

Россиянын Украинага баштаган согушунун башында элчи Митрофанова мүчөсү болгон НАТО жана Европа Биримдигинин позициясын жактаган Болгария тууралуу элчиликтин расмий интернет сайтындагы билдирүүлөрүндө Болгария бийлигин кемсинткен.

Окуянын чыр – чатакка айлануусунан кийин Митрофанованын билдирүүсүнүн болгарчасы алып салынган бирок орус тилиндеги текстте дагы да оор акаараттарга орун берилген.

Митрофанова нааразылык нотасы үчүн чакырылган Болгариянын тышкы иштер министрлигине кеңешичисин жиберген.  Премьер  - министр Петков Митрофанова менен сүйлөшүүсүндө өлкөдө тыңчылык кылган орус дипломаттарын Москвага чакырууларын талап кылган.

Митрофанова Осмон  -  Орус согушунун акыры жана Болгариянын көз карандысыздыгынын 144 жылдыгы белгиленген 3 -  Март улуттук майрамында Болгариянын Осмон империясынан көз карандысыздык күрөшүн Россиянын Украинага ачкан согушка окшоткон.

Болгария күч алган коопсуздук чөйрөсүндө Софияда кызмат кылган 10 орус дипломатты «кааланбаган киши» деп жарыялаган.

 

 



Тектеш кабарлар