Индонезияда балыкчы кайыгы оодарылып 1 киши каза болду
8 киши да дайынсыз жоголду.
1799725
Индонезияда 12 киши болгон балыкчы кайыгы оодарылып 1 киши каза болуп, 8 киши дайынсыз жоголду. Жергиликтүү басма сөздүн билдиргенине караганда Чыгыш Нуса Тенггара штатындагы Пулау Пасирге жакын жерде куткаруучу топтор бир балыкчынын сөөгүн табышты.
Кырсыкта 3 балыкчы да австралиялык жетекчилер тарабынан багыттандырылган Сингапур желектүү бир жүк кемеси тарабынан куткарылды. Издөө - куткаруу топтору аймакта ишин улантууда.