БУУ: «Талибан менен иштешүүнү улантабыз»

Жогорку комиссар Мишель Бачелет БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 49-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Ооганстандагы гуманитардык абалга баа берди.

1791451
БУУ: «Талибан менен иштешүүнү улантабыз»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Ооганстандагы адам укуктарын коргоо үчүн өлкөнү көзөмөлгө алган талиптер менен кызматташууну уланта тургандарын билдирди.

Жогорку комиссар Мишель Бачелет БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 49-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Ооганстандагы гуманитардык абалга баа берди.

Бачелет өлкөдө жаңжал бир топ азайганына карабастан адам укуктарынын абалы дагы эле тынчсыздандыраарын баса белгилеп: «Мурунку өкмөт мүчөлөрүнүн коопсуздугуна буга чейин көп жолу кепилдик берилгенине карабастан, биз августтан бери Ооганстандын Улуттук коопсуздук жана коргонуу корпусунун 100дөн ашуун кызматкери учурдагы бийликтери тарабынан сотсуз түрдө өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабарларды алдык»,-деди.

Өлкөдөгү убактылуу Талибан өкмөтүн мыйзамдуу милдеттерин аткарууга чакырууну уланта турганын баса белгилеген Бачелет аялдардын билим берүүгө катышуусу өлкөнүн келечеги жана өнүгүшү үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Бачелет БУУнун бул процессте өлкөдөгү ишмердүүлүгүнүн маанисине көңүл буруп: «Ооганстандагы биздин укук коргоочулар ооган элинин укуктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча иш жүзүндө бийлик менен иштешүүнү улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар