Сириялык оппозициячылдар : "Батыш Сириядагы кыргындарга үн каткан жок"

Сирия Сүйлөшүү Комиссиясы украиналыктарды коргогон батыштык өлкөлөрдүн Сириядагы кыргындарга үн катпагандыгын,  бул эки жүздүүлүккө каршы экендерин жарыялады.

1789125
Сириялык оппозициячылдар : "Батыш Сириядагы кыргындарга үн каткан  жок"

Сирия Сүйлөшүү Комиссиясы украиналыктарды коргогон батыштык өлкөлөрдүн Сириядагы кыргындарга үн катпагандыгын,  бул эки жүздүүлүккө каршы экендерин жарыялады.

Сириялык оппозициячылдардын башкы сүйлөшүүчүсү Сирия Сүйлөшүү Комиссиясынын төрагасы Энес ел  -  Абде батыштык өлкөлөрдүн Срия жана Украинага карата мамилелери тууралуу басма сөздө баа берди.

Абде Россиянын кол салууларына каршы Украинанын жанында турган өлкөлөргө ыраазычылык билдирип : «Бул абалга кайдыгерлик кылуу Россияга кылган кылмыштары жана адам укуктарын бузууну улантуусу үчүн күч бермек»,- деди.

Батыштын Сириядагы кризиске салыштырмалуу Украинага дагы күчтүү колдоо көрсөткөнүнө көңүлдөрдү бурган Абде : «Россия Украинага кол салгандан кийин өз кызыкчылыктарына жана улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын сезген батыш өлкөлөрү дароо Россияга каршы катаал позицияны карманышты»,-деди.

Абде Батыштын Сириядагы жарандык согушта Башар Асад режими жана Россияга карата мамилесинин таасирдүү болбогонун баса белгилеп : «Сирияда болгондорду улуттук коопсуздук үчүн түздөн түз коркунуч катары көрбөгөн Батыш Сирия калкынын үнүнө кулак салган жок»,- деди.

Абде Украина элин Россиядан коргоону колдой турганын билдирип : «Украиналыктарды коргогон Батыш Сириядагы кыргындарга унчукпайт. Биз Батыш өлкөлөрүнүн мындай ачык эки жүздүүлүгүнө каршыбыз. Адамдын улуту, дини эмне болсо болсун бир адамдын   өлтүрүлүшүнө унчукпай койбоо керек",- деди.

 



Тектеш кабарлар