Австралияда сел жүрдү

Сиднейде катуу жамгыр жаашы себеп болгон селдерде 500 миң кишинин таасирленгендиги билдирилди.

1788997
Австралияда сел жүрдү

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штаты жана штаттын борбор шаары Сиднейде катуу жамгыр жаашы себеп болгон селдерде 500 миң кишинин таасирленгендиги билдирилди.

Жаңы Түштүк Уэльс штатынын премьер  - министри Доминик Перротет Сиднейде өткөргөн пресс  - жыйында бүгүн күтүлүп жаткан катуу жамгыр жаашынан улам жалпы аймакта 500 миң кишиге үйлөрүнөн чыгуу буйругунун берилгендигин билдирди.

Перроттет : «Хоксбери аймагында селдердин өткөн жылдан дагы жаман болорун күтүп жатабыз жана Ньюкасл менен Хантер аймактарында күн бою нөшөрлөгөн жамгыр жана суу ташкындарынын болорун байкап жатабыз»,- деди.  

Жаңы Түштүк Уэльс жана Квисленд штаттарында жуманын акырынан бери катуу болгон селдерде 14 киши каза болду.

Жүз миңдеген киши таасирленген селдерде дайынсыз  жоголгондугу билдирилген 5 кишини здөө иштери улантылып, дагы көп өлүм  - житимдин болушу мүмкүн экендиги тууралуу эскертүү берилди.

Катуу шамал менен нөшөрлөгөн жамгырдын улана турганын жарыялаган Австралия Метеорология бюросу начар аба ырайынын өтө кооптуу жана өмүргө коркунуч туудура турган көлөмдө таасирдүү боло турганын жарыялады.

Азыркы учурда дарыялар көлөмүнөн дагы көп толгондуктан дагы жаңы жамгыр жаашы менен суу ташкындарына себеп болушунан тынчсыздануулар болууда.

Бир жумага жакын убакыттан бери нөшөрлөп жамгыр жааган аймактарда  ташкындаган дарыялардан аккан сел суулары, унаа жолдорду, көчөлөрдү жана поезд линияларын каптап, транспорт олуттуу үзгүлтүккө учуроодо.

Көп сандаган мектептер жабылган аймакта көпүрөлөрдө, бийик жерлерде, үйлөрдүн чатырларында жана балкаондордо калган австралиялыктарды куткаруу үчүн тез жардам топтору тик учактар менен бирге кеме жана паромдор менен ишин улантууда.

 



Тектеш кабарлар