Бельгия Киевдеги элчилигин жапты

Консулдук кызматтары Украинага коңшу өлкөлөр Польша, Словакия, Румыния жана Молдовадагы Бельгия консулдуктарынан жүргүзүлөт.

1788597
Бельгия Киевдеги элчилигин жапты

Бельгия  24 - февралда башталган Украина - Россия согушунан улам Украинанын борбор шаары Киевдеги элчилигин убактылуу жапканын жарыялады.

Бельгиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Коопсуздук кырдаалынын өзгөрүшүнө байланыштуу Киевдеги Бельгиянын элчилигин жабуу чечими чыгарылды. Украинадагы белгиялыктарга  консулдук жардам көрсөтүүнү улантабыз",- деп билдирилди.

Министрликтин жетекчилери Бельгянын Киев элчилигинин кызматкерлеринин Украинадан чыккандыгын маалымдашты.

Киевдеги элчиликтин айрым жоопкерчиликтерин Бельгиянын Польшдагы Варшава элчилигинин өткөрүп алганды.

Консулдук кызматтары Украинага коңшу өлкөлөр Польша, Словакия, Румыния жана Молдовадагы Бельгия консулдуктарынан жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар