АКШ: «Бөгөт коюучу күч чыңалууну күчөтөт»

Аты-жөнүн атабоону суранган АКШнын жогорку даражалуу коргоо кызматкери журналисттерге Орусиянын өзөктүк куралдарды жана гипер үндүү ракеталарды камтыган «бөгөт коюучу күчтөрүн» атайын согуш миссиясына которуусуна баа берди.

1786906
АКШ: «Бөгөт коюучу күч чыңалууну күчөтөт»

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) башкаруучулугу Орусиянын өзөктүк куралдарды жана гипер үндүү ракеталарды камтыган «бөгөт коюучу күчтөрүн» атайын согуш миссиясына которуусун «керексиз жана чыңалууну күчөтүүчү кадам» катары мүнөздөдү.

Аты-жөнүн атабоону суранган АКШнын жогорку даражалуу коргоо кызматкери журналисттерге Орусиянын өзөктүк куралдарды жана гипер үндүү ракеталарды камтыган «бөгөт коюучу күчтөрүн» атайын согуш миссиясына которуусуна баа берди.

АКШ бул кадамды жаңы эле билгенин жана мурда эч кандай чалгын маалыматы жок экенине көңүл бурган жогорку даражалуу кызматкер, «Биз бул кадамдын кереги жок жана чыңалууну күчөтүүчү деп эсептейбиз, анткени Орусия эч качан Батыш же НАТО тарабынан коркутулган эмес»,деген серебин салды.

Ал Кошмо Штаттардын өзөктүк чабуулдардан коргонууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин кошумчалады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки да ABC телеканалындагы маегинде Орусиянын бул акыркы кадамына баа берди.

Орусиянын эч качан НАТО же Украина коркунучу астында болбогонун баса белгилеген Псаки: «Бул кадамдардын баары (Орусиянын президенти Владимир) Путиндин жасалмаларынын бир бөлүгү жана биз ага каршы турабыз. Бизде өзүбүздү коргоо мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок Путиндин жасап жаткан иштерине да каршы турушубуз керек»,-деп айтты.

Псаки Орусияга Украина кол салуусунун чыгымын төлөтүү үчүн бардык кадамдарды таштай тургандарын, керек болсо энергетика тармагын бутага ала тургандарын кошумчалады.

Орус аскерлери Украинага 24-февралда кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар