Европа өлкөлөрү Орусия үчүн аба мейкиндигин жаап жатат

Германия, Финляндия, Бельгия, Дания жана Швеция орус учактары үчүн аба мейкиндигин жаба турганын жарыялады.

1786392
Европа өлкөлөрү Орусия үчүн аба мейкиндигин жаап жатат

Германия, Финляндия, Бельгия, Италия, Дания,Нидерландия жана Швеция орус учактары үчүн аба мейкиндигин жаба турганын жарыяласа, Австриянын экология, транспорт жана технология министри Гевесслер өлкөсүнүн аба мейкиндигинин бардык орус учактары үчүн жабык экенин жарыялады.

Германиянын Биринчи телеканалы ARD Орусиянын Украинага жасаган чабуулунан улам өлкөнүн аба мейкиндигин орус учактары үчүн жаба турганын жарыялады.

Кабарда транспорт министри Фолкер Виссингдин өлкөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.00дөн баштап Орусияга аба мейкиндигин жаба турганын ARD агенттигине ырастаганы белгиленди.

Австриянын айлана-чөйрө, транспорт жана технология министри Леонере Гевесслер Твиттердеги билдирүүсүндө, Австриянын Европа Биримдигинин (ЕБ) Орусияга аба мейкиндигин жабуу чечимин колдой турганын билдирди.

Кабыл алынган санкция чечимдеринин биргелешип аракет кылганда таасирдүү болоорун баса белгилеген Гевесслер бардык чечимдерди мүмкүн болушунча тез ишке ашыруунун маанилүү экенине көңүл бурду.

Гевесслер өлкөсүнүн бардык керектүү чараларды көргөнүн айтып: «Кабыл алынган чечимге ылайык Австрия аба мейкиндигин бардык орус учактары үчүн дароо жабат»,- деди.

Austrian Airlines (AUA) да Орусиянын аба мейкиндигин колдонбой турганын жана бул өлкөгө каттамдар токтотулганын билдирди.

Европа басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Финляндиянын транспорт министри Тимо Харакка социалдык медиа эсебинен Финляндиянын орус учактарынын өлкөсүнүн аба мейкиндигин колдонуусуна тыюу салууга даярданып жатканын билдирди.

Белгиленген тыюунун «жакында күчүнө кирерин» белгилеген Харакка так датаны берген жок.

Финляндиянын Орусия менен 1300 чакырым чек арасы бар.

Бул тууралуу Нидерландиянын инфраструктура жана суу иштери боюнча министри Марк Харберс өзүнүн социалдык медиа аккаунтунда билдирди.

"Нидерландиянын аба мейкиндигинде керексиз жана ырайымсыз зомбулукту колдонгон режимге орун жок. Ошондуктан Нидерландия бүгүн кечинде өзүнүн аба мейкиндигин орус учактары үчүн жабууга даярданууда." деген сөздү колдонгон.

Бельгиянын премьер-министри Александр де Кро өзүнүн Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Бельгиянын аба мейкиндигинин бардык орус учактары үчүн жабык болгонун билдирип: «Учактар ​​мыкаачылык менен кол салууга аракет кылгандарга эмес, адамдарды байланыштыргандарга ачык»,-деген сөздү колдонгон.

Даниянын тышкы иштер министри Жеппе Кофод DR мамлекеттик телеканалына орус учактарына анын аба мейкиндигин колдонууга тыюу салууга даярданып жатканын белгилеп: «Биздин аба мейкиндигибизди Орусия үчүн жабууга күчүбүз бар жана биз ага даярданып жатабыз. Украинага басып кирүүнү токтотуу үчүн биз (Орусия президенти Владимир) Путиндин бийлигин талкалашыбыз керек»,-деп айтты.

Швециянын Европа Биримдиги (ЕБ) министри Ханс Далгрен да Орусиянын Украинага жасаган чабуулунан улам Швециянын аба мейкиндигин орус учактары үчүн жаба турганын айтты.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар