"Орусия Украинадагы өкмөттү алмаштыргысы келет"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг саммиттен кийин билдирүү жасады.

1785752
"Орусия Украинадагы өкмөттү алмаштыргысы келет"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын украин өкмөтүн алмаштырууну каалаганын билдирди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг саммиттен кийин билдирүү жасап: «Биз Орусияны Украинага чабуулун дароо токтотууга, бул өлкөдөн бардык аскерлерин чыгарып кетүүгө жана диалог жолуна кайтууга чакырабыз»,- деди.

Столтенберг өз билдирүүсүндө: «Биз НАТОнун кийлигишүү элементтерин кургакта жана абада жайгаштырып жатабыз. 30дан ашык жерде иштеген 100дөн ашык реактивдүү учагыбыз бар. Ар бир союздашты коргоо үчүн колдон келгендин баарын кылабыз»,- деди.

Баш катчы Столтенберг Украинага абадан коргонуу системалары менен катар дагы көп курал-жарак бере тургандарын жарыялады. 

"Европада күчтүү трансатлантикалык байланыш болмоюнча коопсуздук жок”,- деген Столтенберг: "Дүйнө Орусия менен Беларустун аракеттери үчүн жооп берет",-деп айтты. 

Йенс Столтенберг: «Алар Киев тарапка жылышты. Жарыяланган максат - украин өкмөтүн алмаштыруу. Украина толугу менен оккупацияланды, бул күтүлбөгөн жагдай, эмне болорун айта албайбыз",-деди.



Тектеш кабарлар