НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйналышы болот

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны 16-17-февраль күндөрүндө Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өтөт.

1778901
НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйналышы болот

НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери Орусия менен Батыштын ортосундагы чыңалуунун курчушуна байланыштуу альянстын Европанын чыгыш жана түштүк-чыгышындагы аскерий катышуусун көбөйтүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушат.

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны 16-17-февраль күндөрүндө Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өтөт. Министрлердин күн тартибинде Орусиянын Украина чек арасындагы аскер күчтөрүн көбөйтүүсү жана альянстын күчөгөн чыңалууга каршы кандай чара көрөрү каралат.

Орусия менен тирешүү күчөгөндөн кийин НАТО соңку бир нече айда Балтиканын чыгышындагы Эстония, Латвия жана Литва өлкөлөрүндө, ошондой эле Польшада аба, деңиз жана кургактагы катышуусун күчөттү.

Альянстын Балтика өлкөлөрүндө жана Польшада күчөтүлгөн алдыңкы катышуусуна ылайык 4 согуштук бөлүктө жайгаштырылган аскерлердин саны бир нече жуманын ичинде 4000ден 5000ге чейин көбөйдү.

Бул аймакта Дания, Нидерландия, Испания, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Улуу Британия жиберген согуш кемелери жана согуш учактары да көбөйдү.

Кошумчалай кетсек, акыркы жумаларда Румыния менен Болгарияда НАТО өлкөлөрүнүн аскерлеринин жана согуштук учактарынын саны көбөйгөн. Румынияда дагы эле НАТО өлкөлөрүнүн эки миңден ашык жоокери бар.

Барып жаткан аскердик элементтердин командалары жөнөтүүчү өлкөдө. НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынында бул аскер бөлүктөрүнүн НАТОнун чатырына өтүшүнө байланыштуу чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.

НАТОнун Чыгыш Европадагы катышуусу узак мөөнөттүү болушу пландаштырылууда. Румынияда согуштук бөлүмдү жайгаштыруу каралууда. Мындан тышкары, түштүк-чыгыш Европанын башка бөлүктөрүндө согуштук бөлүктөрдүн болушу жөнүндө чечимге баа берилип жатат.



Тектеш кабарлар