Британия : "Россия каалаган учурда Украинаны басып алат"

Лиз Трасс твиттерден берген маалыматында Россиянын Украинага карата олуттуу коркунучуна байланыштуу министрлер кабинетинин чукул жыйынына жетекчилик кылгандыгын билдирди.

1778528
Британия : "Россия каалаган учурда Украинаны басып алат"

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс акыркы маалыматтар Россиянын Украинага каалаган убакта кол салышы мүмкүн экенин көрсөтүп жатканын белгилеп, Кремлди чыңалууну басаңдатууга чакырды.

Лиз Трасс твиттерден берген маалыматында Россиянын Украинага карата олуттуу коркунучуна байланыштуу министрлер кабинетинин чукул жыйынына жетекчилик кылгандыгын билдирди. 

Трасс жыйындан кийин берген баа берүүсүндө : "Акыркы маалыматтар Россиянын каалаган убакта Украинага кол салышы мүмкүн экенин көрсөтүп турат жана биз Кремлди чыңалууну басаңдатууга чакыруудабыз.  Биздин негизги максатыбыз  -  Украинадагы Британия жарандарынын коопсуздугуна  алдыңкылык  берүү",- деди.  

Министр Трасс эң жаманына даярдануу менен Украинада орус оккупациясын алдына алуу үчүн мүмкүн болгон бардык нерсени аткарышкандарын да баса белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар