АКШ үчүн иштеген афган аскерлери визаларын күтүп жатышат
Бир нече айдан бери визаларынын бекитилишин күтүп жаткан афган аскерлер бир качкындар лагеринде турушат.
Америка Кошмо Штаттарынын аскерлери Аганистандан чыгарылып жатканда аларга колдоо көрсөткөн Американын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчилигиндеги афган күчтөрү Бириккен Араб Эмирликтеринде визаларынын бекитилишин күтүп жатышат.
New York Times гезити август айында башталган эвакуациялар аяктаганга чейин Афганстанда калган жана акыркы болуп кеткен афган күчтөрү жана үй - бүлөлөрүнүн алигече АКШга жете электигин жазды.
Кабарда Бириккен Арап Эмирликтеринде бир качкындар лагеринде турган, ЦРУ колдогон миңдеген афган аскери жана үй - бүлөсүнүн АКШга баруу үчүн көптөгөн айлардан бери визаларынын бекитилишин күтүп жаткандыгы айтылды.
АКШ Талибандын август айында Афганистанда башкарууну кол алышынан кийин 100 000ден ашуун Афганистан жаранын да эвакуациялап өлкөдөн чыккан.