Зеленский : "Украинанын чыгышында абал көзөмөлгө алынды"

Зеленский Россия менен болгон чыңалууну талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.

1767868
Зеленский : "Украинанын чыгышында абал көзөмөлгө алынды"

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн чыгышындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча иштерди улантышарын билдирип : "Украинанын чыгышындагы кырдаал көзөмөлдө, дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок",- деди.

Зеленский Россия менен болгон чыңалууну талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйындан  кийин социалдык медиада видео кайрылуу жарыялаган Зеленский бардык нерсеге даяр экенин айтты.

Бийликтин бардык керектүү иштерди жаткаргандыгын белгилеген Зеленский : "Бийлик толугу менен чыңалууну азайтуу үчүн иштеп жатат. Биз, өнөктөштөрүбүз, дипломаттарыбыз жана эң негизгиси аскерлерибиз мененбиз. Алар биздин эң мыктыларыбыз, алар бизди коргоп,  биз да аларды коргошубуз керек, тынч болгула жана "баары бүттү" деп кыйкырбашыбыз керек. Украинанын чыгышындагы кырдаал көзөмөлдө. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок",- деди.

Бир тараптан Улуттук коргоо жана коопсуздук кеңешинин төрагасы Олеский Данилов Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Украинанын чыгышындагы абалдын көзөмөлгө алынганын кайталады.

Элден жана басма сөздүн тынчтануулары керектигин айткан Данилов : «Азыркы учур биз үчүн абдан ачык. Дүрбөлөңгө түшүү үчүн эч бир себеп жок. Баарынын тынчтануусун суранам. Абал көзөмөлгө алынды»,- деди.

Данилов Украинанын Россия чек арасында орус армиясына таандык 109 миң аскеринин бар экенин белгилеп : «Бул биз үчүн жаңылык эмес, 2-3 миңге көтөрүлүү орчундуу кырдаалды жаратпайт», - деди.

Россиянын Украинаны оккупацияга алуу коркунучунун 2008 - жылдан бери бар экенин белгилеген Данлиов: «Бул коркунуч 2008 - жылдан бери бар. Абалдын былтыркыдан  айырмасы жок. Бүгүн бизде Советтер Союзу эмне экенин, Ленин ким экенин билбеген жарандардын жаңы мууну өсүп жатат. Биз башка дүйнөдө жашап жатабыз, бул Россияны тынчсыздандырууда. Бул маселени чечүү үчүн аз убакытысы калды. Өзгөчө  Путиндин биологиялык саатынын, Россия Федерациясынын биологиялык саатынын иштеп  жатканын да билебиз»,- деп билдирди.

 



Тектеш кабарлар