Парагвайдын президенти Ковид - 19 жуктурду
Парагвай Саламаттык сактоо министрлиги президенттин Ковид - 19 тестинин оң чыккандыгын жарыялады.
1764939
Парагвайдын президенти Марио Абдо Бенитестин Ковид-19 жуктуруп алганы жарыяланды.
Парагвай Саламаттык сактоо министрлиги президенттин Ковид - 19 тестинин оң чыккандыгын жарыялады.
Министрликтин соцтармактарындагы билдирүүсүндө : "Президент Марио Абдонун Ковид-19 тести оң болуп чыкты. Мамлекет башчысы жеңил симптомдорду көрсөтүп жатат. Профилактикалык карантин учурдагы саламаттыкты сактоо протоколдоруна ылайык ишке ашырылат",- деп белгиленди.
Ковид - 19 вакцинасын алган Бенитес аялынын тести оң чыккандыгына байланыштуу кечээ карантинге кирген.