Афганистанда университеттер жакында ачылат
Талибан убактылуу өкмөтүнүн жогорку билим берүү министринин орун басары Шейх Абдулбаки Хаккани экономикалык маселелер жакында чечилип, университеттердин кайрадан билим берүүгө ачыларын билдирди.
Афганистанда университеттердин жакынкы убакта ачылары билдирилди.
Талибан убактылуу өкмөтүнүн жогорку билим берүү министринин орун басары Шейх Абдулбаки Хаккани Афганистандын борбор шаары Кабулда өткөргөн пресс - жыйынында ушул кезге чейин мамлекеттик университеттердин жабык болушунун себеби экономикалык маселер экендигин айтты.
Хаккани экономикалык маселелер жакында чечилип, университеттердин кайрадан билим берүүгө ачыларын билдирди.
Өлкөдө 40 мамлекеттик жана 150 жеке менчик университеттин бар экенин эске салган Хаккани, билим берүүнүн менчик университеттерде уланып жатканын айтты.
Хаккани өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерин стандартташтыруу жана билим берүү системасын башка өлкөлөр менен атаандаша турган абалга алып келүүдө чечкиндүү экендерин баса белгиледи.
Хаккани айрым өлкөлөрдүн Афганистандагы жогорку билим берүү тармагына колдоо көрсөтүү жана афган студенттерге стипендия берүү убадасын бергендигин да билдирди.
Афганистандагы университеттер Талибандын 2021 - жылы август айында өлкөнү колго алгандан мурда коронавируска байланыштуу билим берүүнү токтоткон.
Талибандын Афганистандын көзөмөлүн колго алышы менен 2021 - жылы сентябрда менчик университеттер өз ишин баштап мамлекеттик университеттер жабык бойдон калган.