Францияда расизм үчүн 6 полициячы соттолду

6 полициячы Бобини соту тарабынан 6 айдан 12 айга чейин абакка кесилди.

1758707
Францияда расизм үчүн 6 полициячы соттолду

Францияда 6 полициячы расалык басмырлоо жана зомбулук көрсөткөнү үчүн абакка кесилди.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, 2020-жылдын апрель айында борбор шаар Парижде Египет жараны Самир Эни кармап жатканда расалык акаарат жана зордук-зомбулукка барган 6 полициячы Бобини соту тарабынан 6 айдан 12 айга чейин абакка кесилди.

Полициячылардын бири Пьер Сдын адвокаты Лоран-Франк Лиенард бул өкүмгө каршы даттанарын билдирди. Лиенарддын айтымында, сот алар тапшырган далилдердин бирин да эске алган жок.

Самир Энин жактоочусу Ари Алими болсо, бул өкүмдүн полиция күчтөрүндөгү расизмге жана полициялык зомбулукка каршы жеңиш экенин билдирди.


Этикеткалар: #расалык басмырлоо

Тектеш кабарлар