Кытайда 66 миллион жыл мурунку динозавр эмбриону табылды
Кытайдын түштүгүндөгү Ганчжоу шаарында тишсиз Овирапторозавр тибиндеги динозаврга таандык жумуртканын калдыктары табылды.
Кытайда мындан 66 миллион жыл мурдагыга таандык жумурткадан чыгайын деп калган абдан жакшы сакталган динозавр эмбриону табылды.
Кытайдын түштүгүндөгү Ганчжоу шаарында тишсиз Овирапторозавр тибиндеги динозаврга таандык жумуртканын калдыктары табылды.
Жумурткадан чыгыйын деп калган динозавр эмбрионунун жакшы сакталгандыгы белгиленди.
Бирмингем университетинин изилдөөчүсү Фион Вайсум Ма: «Тарыхта ушул учурга чейин табылган эң сонун динозавр эмбриондорунун бири», - деп айтып ачылыштын маанисин түшүндүрдү.
Бул ачылышты жасаган илимпоздор, эмбриондо баштын дененин астына карай, буттарынын да аны курчай тургандай ийилгегендигин белгилеп, мындай абалдын мурда динозаврларда болбогонун билдиришти.
Мунун жумуртканы сындыруу үчүн позиция алган канаттууларга окшош экени айтылды.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.