Байден финляндиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Байден менен Ниинистё кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1747261
Байден финляндиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Финляндиянын президенти Саули Ниинистё телефондогу сүйлөшүүсүндө Украина боюнча аймактагы чыңалууну азайтуу үчүн трансатлантикалык аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Байден менен Ниинистё кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Орусиянын Украина чек арасындагы аскерий күчтөрүнө тынчсызданганын билдирген эки лидер, аймактагы чыңалууну азайтуу үчүн трансатлантикалык аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Байден Финляндияга F-35 согуштук учактарын сатып алууну чечкендиги үчүн ыраазычылык билдирип, бул сатып алуунун алдыбыздагы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү карым-катнаштардын пайдубалын түптөй турганын айтты.



Тектеш кабарлар