Хашшоги кылмышынын шектүүлөрүнөн бири Францияда кармалды

Француз басмасы сот булактарына таянган кабарда Жемал Хашоггинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу шектүүнүн Париждеги Шарль де Голль аэропортунда чек ара полициясы тарабынан камакка алынганын белгиледи.

1744446
Хашшоги кылмышынын шектүүлөрүнөн бири Францияда кармалды

Франциянын борбор шаары Парижде Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунда саудиялык журналист Жамал Хашоггинин (Жемал Кашыкчы) өлтүрүлүшүнө байланыштуу шектүүнүн кармалганы айтылды.

Француз басмасы сот булактарына таянган кабарда Жемал Хашоггинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу шектүүнүн Париждеги Шарль де Голль аэропортунда чек ара полициясы тарабынан камакка алынганын белгиледи.

Кабарда 33 жаштагы шектүү Халид Алотайбинин Сауд Арабиясынын борбор шаары Эр-Риядга барыш үчүн учакка түшөөр алдында кармалганы маалымдалган.

Сауд Арабиясынын мураскор канзаадасы Мухаммед Бин Салманды сындаганы менен таанылган жана Washington Post гезитинин баяндамачысы Жемал Хашоггинин 2018-жылдын 2-октябрында  өзү барган Сауд Арабиясынын Башкы консулдугунда өлтүрүлүп, денеси бөлүктөргө бөлүнгөнү белгилүү болгон.



Тектеш кабарлар