АКШда үндүк баасына байланыштуу 70 жылдык салт жокко чыгарылды

Үндүк баалары быйыл 1,19 долларга көтөрүлгөнүн жана ушул себептен каражат чогултуу үчүн 70 жылдык иш-чараны жокко чыгарууга аргасыз болгонун жарыялашты.

1734660
АКШда үндүк баасына байланыштуу 70 жылдык салт жокко чыгарылды

АКШнын Флорида штатынын Севилья шаарында жыл сайын өтүүчү «Үндүк атуу» иш-чарасы быйыл үндүк баасына байланыштуу болбой калды.

«Daytona Beach News Journa» гезитинин кабарына караганда, 70 жылдан бери Шүгүрчүлүк күнүнүн алдында өткөрүлгөн жана жеңүүчүлөргө тоңдурулган үндүктөр тартууланган атуу жарышы, үндүк баасынын эки эсе кымбатташынан улам быйыл өтпөрүлбөй калды.

Севиляны өнүктүрүү фондунун кызматкерлери, жыл сайын бир даанасы (болжол менен жарым килограмм) 49-69 цент болгон үндүк баалары быйыл 1,19 долларга көтөрүлгөнүн жана ушул себептен каражат чогултуу үчүн 70 жылдык иш-чараны жокко чыгарууга аргасыз болгонун жарыялашты.

АКШда инфляциянын деңгээли акыркы 30 жылдын эң жогорку деңгээлине жетип, эт, тоок жана жумуртканын баасы акыркы бир жылда болжол менен 12 пайызга өскөндүгү билдирилди.



Тектеш кабарлар