БУУ: "Мьянмада 3 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж"

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Мьянмадагы зомбулук токтоп, кризис тынчтык жолу менен чечилбесе, муктаж болгондордун саны көбөйө турганын билдирди.

1731378
БУУ: "Мьянмада 3 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж"

БУУ Мьянмадагы төңкөрүштөн кийин туруксуздук, Ковид  - 19  эпидемиясы жана начарлаган экономикадан улам өлкөдө гуманитардык жардамга муктаж кишилердин саны 3 миллиондон ашкандыгын билдирди. 

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Мьянмадагы зомбулук токтоп, кризис тынчтык жолу менен чечилбесе, муктаж болгондордун саны көбөйө турганын билдирди.

1-февралдагы төңкөрүштөн бери 223 000 кишинин өлкө ичинде жер которгондугун белгилеген Гирффитс 144 000 аракандык мусулмандын лагерлерде жашап жаткандыгын  белгиледи.

Акыркы мезгилде 160тан ашуун үй, чиркөө жана гуманитардык уюмдардын кеңсеси өрттөлгөнүн белгилеген Гриффитс жарандарга, жарандык инфраструктурага жана гуманитардык жардам уюмдарына кол салууларды токтотууга чакырды.

Гриффитс эл аралык коомчулукту «Мьянма үчүн зарыл болгон 385 миллион долларлык гуманитардык жардам фондуна колдоо көрсөтүүгө жана Мьянма армиясынын гуманитардык жардам иш-чараларына тоскоол болбоого» чакырды.

 

 



Тектеш кабарлар