Израиль аскерлери Батыш Шериада бир айыл мечитин талкалады

Израиль аскерлери оккупацияга алган Батыш Шерианын Наблус шаарынын элетинде бир мечитти талкалады.

1729437
Израиль аскерлери  Батыш Шериада бир айыл мечитин талкалады

Израиль аскерлери оккупацияга алынган Батыш Шерианын Наблус шаарынын элетинде бир мечитти талкалады. 

Наблуска караштуу Дума аймагынын муниципалитет башчысы Сүлейман Девабише Израиль аскерлеринин  эрте менен Думага караштуу Еш  -  Шукара айылында тинтүү жүргүзгөндүгүн белгиледи. 

Девабише Израиль аскерлеринин айылда уруксатсыз курулду деген негиз менен айыл мечитин талкалагандыгын маалымдады. 

Израиль аскерлеринин өзгөчө аймактын түштүгүндөгү эки айыл - чарба комплексин да куталкандыгын айткан Девабише Израилдин Дума аймагынын шаарлашуусуна тоскоол болуу менен еврей отурукташуу бөлүктөрүн кеңейтүү үчүн жер ачууга аракет кылгандыгын айтты. 

Палестина фонддор жана дин иштери башкармалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Думанын Еш  -  Шукара айылынын мечитинин Израиль аскерлери тарабынан талкаланышы айыпталды. 

 



Тектеш кабарлар