ЕМА Модерна вакцинасынын 3 - дозасын колдонууну сунуш кылды

EMA бушул айдын башында Pfizer-BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасынын үчүнчү дозасын 18 жаштан жогоркуларга колдонууну сунуштаган.

1725070
ЕМА Модерна вакцинасынын 3 -  дозасын колдонууну сунуш кылды

Европа Биримдигинин дары  - дармектерди жөн салуучусу Европа дары – дармек агенттиги ЕМА коронавируска каршы Модерна чыгарган вакцинанын үчүнчү дозасынын 18 жаштан улаалардын колдонушун сунуш кылды.

EMA тарабынан жасалган билдирүүдө, экинчи дозадан 6-8 ай өткөндөн кийин кошумча катары берилген "Спикевакс" деп аталган вакцинанын үчүнчү дозасы антитело деңгээли төмөн чоң кишилерде антитело деңгээлин жогорулатканы билдирилди.

Кошумча дозанын мурунку эмдөөлөрдө колдонулган көлөмдүн жарымынчалык экендиги белгиленди. Терс таасирлеринин экинчи дозадан кийин ортого чыккандар менен окшоштугунун бар экендиги билдирилди.

EMA бушул айдын башында Pfizer-BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасынын үчүнчү дозасын 18 жаштан жогоркуларга колдонууну сунуштаган.

EMAнын чечимдери Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер үчүн сунуш болуп саналат. Европа Биримдиги мүчөлөрү эмдөө практикасы боюнча өз алдынча чечим чыгарышат.



Тектеш кабарлар