Нью - Йоркто биологиялык жана химиялык кол салууга карата текшерүү жүргүзүлөт

Текшерүү Нью - Йорк метросунда биологиялык жана химиялык кол салууга каршы уулуу болбогон газ менен жүргүзүлөт.

1718929
Нью  -  Йоркто биологиялык жана химиялык кол салууга карата текшерүү жүргүзүлөт

Америка Кошмо Штаттарынын Ички Коопсуздук департаментинин федералдык бөлүктөрү Нью - Йорк метросунда биологиялык жана химиялык кол салууга каршы уулуу болбогон газ менен текшерүү жүргүзүшөт.

Нью - Йорктун Метрополитан Транспорт башкармалыгынын билдирүүсүндө, муниципалитеттин тиешелүү бөлүмдөрү федералдык бөлүмдөр менен биргеликте, келерки аптада шаардын эл көп чогулган жерлеринде уулуу болбогон газ менен текшерүү жүргүзүлөрүн  билдирген.

Шаардагы 120 жерде 18 – 19 -  октябрда жүргүзүлө турган текшерүүлөрдүн бир бөлүгүнүн парк аянттары сыяктуу жердин үстүндө, көпчүлүгүнүн жердин астындагы метро станцияларында жүргүзүлөрүн жарыялады.

Маалыматта сынактын калкы көп болгон шаар чүйрөсүндө биологиялык заттардын абада таркашын симуляциялай турганы белгиленип : "Бул изилдөө уулуу эмес материалдардын кыймылын көзөмөлдөйт жана бул тесттердин жыйынтыктары көчө деңгээлиндеги аба агымы менен жер астындагы чөйрөлөрдүн ортосундагы байланышты билүү үчүн колдонулат",-деп билдирилди.

Жетекчилер федералдык «Шаардык коркунучтардын жайылышы» программасынын негизинде жүргүзүлө турган текшерүүдө колдонула турган газдын коомчулуктун ден соолугуна зыяндуу эмес экендигин билдиришти.

 

 



Тектеш кабарлар