Австралияда Pfizer/BioNTech вакцинасы 12 жаш жана андан жогоркулардын баарына берилет

ATAGI буга чейин ТГА тарабынан бекитилген вакцинаны 16 жаштан ашкан австралиялыктарга колдонууга уруксат берген болчу.

1698544
Австралияда Pfizer/BioNTech вакцинасы 12 жаш жана андан жогоркулардын баарына берилет

Австралияда Pfizer/BioNTech вакцинасы 12 жаш жана андан жогоркулардын баарына берилет.

Эмдөө боюнча техникалык кеңешүү тобу (ATAGI) өлкөнүн дары-дармекти жөнгө салуучу органы Терапевтикалык өнүмдөр башкармалыгы (TGA) тарабынан бекитилген Pfizer/BioNTechтин Ковид-19 вакцинасын 12 жаш жана андан жогорку бардык австралиялыктарга сайылышына уруксат берди.

Австралиянын вакциналар боюнча чечим кабыл алуучу органы ATAGIнын билдирүүсүнө ылайык, өткөн айда TGA тарабынан бекитилген Pfizer/BioNTechтин Ковид-19 вакцинасынын 12 жаштан 15 жашка чейинкилерге да саюуга уруксат берилди.

ATAGI буга чейин ТГА тарабынан бекитилген вакцинаны 16 жаштан ашкан австралиялыктарга колдонууга уруксат берген.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон борбор шаар Канберрада жасаган билдирүүсүндө, бул чечимдин негизинде 12 жана андан жогорку бардык австралиялыктардын Pfizer/BioNTech вакцинасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын жарыялады.



Тектеш кабарлар