Талибан Кабулдун борборун жана өкмөттүк имараттарды көзөмөлгө ала баштады

Талиптердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид өзүнүн Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, алар борбор шаарды тынч жол менен ээлеп алууну каалашкандыгын жарыялады.

1691500
Талибан Кабулдун борборун жана өкмөттүк имараттарды көзөмөлгө ала баштады
TALİBAN KABUL.jpg
taliban

Талиптер өкмөттүк күчтөр борбор шаар Кабулдан чыгып кеткенден кийин шаарды жана коомдук имараттарды көзөмөлгө ала баштаганын жарыялашты.

Талиптердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид өзүнүн Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, алар борбор шаарды тынч жол менен ээлеп алууну каалашкандыгын, ошондуктан күч колдонбогонун, бирок өкмөттүк күчтөр аймакты таштап, имараттарды эвакуациялаганын билдирди.

Мүмкүн болгон уурулук окуяларын алдын алуу үчүн борборду жана коомдук имараттарды көзөмөлгө ала баштагандарын белгилеген Мужахит, шаардагы коопсуздукту камсыздай турганын билдирди.

Мужахид ошондой эле талиптердин жарандардын үйлөрүнө киришине жол бербей турганын билдирди.

Ооган администрациясы башкарууну өткөрүп берүү үчүн талибдер менен сүйлөшүүгө макул болгон.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги талибдер борбор шаар Кабулдун четине кире баштагандан кийин администрацияны өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталаарын жарыялаган болчу.

Ички иштер министринин орун басары генерал Абдул Саттар Мирзаквал өзүнүн Twitter баракчасына бөлүшкөн видеодо Кабул элине кайрылып,«Ооганстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары мен бардык коопсуздук күчтөрүнө, атайын күчтөргө жана башка кызматкерлерге шаардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматтарын ар кайсы жерлерде улантууну буйрудум. Биздин эл тынчсызданбашы керек. Учурда шаарда коопсуздук көйгөйү жок»,деген фразаны колдонгон.

Мирзаквал ошондой эле борбордун четине кирген талибдер Кабулга кол салбай турганын билдирип,«Администрация тынчтык жолу менен убактылуу администрацияга өткөрүлүп берилет. Бийликтин алмашуусу тынч жол менен өтөт»,деген серебин салды.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Мухаммеди да Кабулдун коопсуздугуна кепилдик берип, Ооганстандын президенти Ашраф Гани саясий элиталарга талибдер менен тил табышуу ыйгарым укугун бергенин жана келишимге келмейинче Кабулга кол салуу болбостугун билдирди.

Талибдер эртең менен борбор шаар Кабулга киргенден кийин өлкөнү 2014 -жылдан бери башкарып келе жаткан президент Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен.

Ганинин кеткенин социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн видео менен тастыктаган Ооган улуттук жарашуу Жогорку Кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла: «Ал Ооганстанды оор убакта таштап кетти. Кудай аны жоопко тартат»,деген сөздөрдү колдонду.

Ал арада Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан кетүүнү каалаган түрк жарандарынан дароо Түркиянын Кабулдагы элчилигине кабарлоону суранды. Элчиликтин номери «+93 79 782 82 83» деп жарыяланды.

Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы талибдер Кабулга кире баштаганда эле баш калаадагы элчилигин эвакуациялаганы кабарланды.

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, Европа Биримдигинин көптөгөн кызматкерлери Кабулдагы коопсуз жерге көчүрүлдү.

Пакистан ошондой эле талиптердин көзөмөлүндө болгон Торхам чек арасын жапканын жарыялады.

Бул чечим Ооганстандагы «өзгөчө кырдаалга» байланыштуу кабыл алынганы маалым болду.

Ал арада Ооганстанда 5 миң туткун бар Баграм аба базасындагы ооган өкмөтүнүн аскерлери талиптерге багынышты.

Талибандын басма сөз катчысы Сухейл Шахин бийликтин тынч жол менен өткөрүлүшүн жана Кабулга тынч кирүүнү каалашкандарын белгилеп: «Бардыгына жалпы мунапыс жарыяланды»,деген билдирүүлөрүн колдонгон.

Талиптердин көзөмөлүндөгү аймактарда жасаган алгачкы аракеттеринин бири - түрмөлөрдөгү бардык туткундарды бошотуу.

Май айынан бери талиптер басып алган аймактардагы миңдеген туткундарды бошотту.

Сухейл Шахин Би -Би -Сиге берген билдирүүсүндө Ооганстанда бийликтин тынчтык жолу менен алмашуусун күтүп жатышканын айтты.

Басма сөз катчысы Шахин, талибдердин аялдар жана кыздар боюнча саясаты кандай болот деген суроого байланыштуу, "Биз аялдардын укуктарын урматтайбыз. Саясат - бул аялдардын билим алуусу жана жумушка орношуусу. Алар жоолукка көңүл бурушат, болгону ушул. Бурка жалгыз эле жоолук эмес, башка варианттар бар", деген билдирүү жасады.

Шахин аялдарга үйдөн жалгыз чыгууга уруксат берилерин кошумчалады.

Талибандын басма сөз катчысы, айрыкча Кабулда, алардын мүлкү жана өмүрү коопсуз деп элди ишендирерин айтты.

"Биз бийликтин тынчтык жолу менен өтүшүн күтөбүз. Шаар жана бийлик Ооганстан Ислам Эмирлигине берилиши керек, ошондо келечекте бизде бардык оогандыктардын катышуусу менен инклюзивдүү ооган ислам өкмөтү болот",-деп айтты.



Тектеш кабарлар