БУУ Афганистанда жер которгондор тууралуу билдирди

БУУнун маалыматы боюнча, 2021 - жылдын биринчи жарымында Афганистанда  1659 жаран каза болгон болсо,  ал эми акыркы айда 1000ден ашуун жаран каза болгон.

1690963
БУУ Афганистанда жер которгондор тууралуу билдирди

БУУ афган күчтөрү жана Талибандын ортосунда болуп жаткан кагылышуулардан улам жер которгондордун борбор шаар Кабулга качууну улантып жаткандыгын билдирдирди.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк басма сөз брифингинде : «Жалпы өлкөдөгү кагылышуулардан улам башка чоң шаарлардан көп сандаган адам коопсуздук үчүн Кабулга келе жатат»,- деди.

Дужаррик Кабулга жиберилген гуманитардык жардам таркатуу кызматкерлеринин ал жердеги абалын карап чыккандыгын жана жер которгон 6 миң 900гө жакын адамдын тамак  - аш, суу жана гигиеналык каражаттар менен камсыз кылынгандыгын айтты.

БУУнун маалыматы боюнча, 2021 - жылдын биринчи жарымында Афганистанда  1659 жаран каза болгон болсо,  ал эми акыркы айда 1000ден ашуун жаран каза болгон.

Афганистандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы май айынын башынан августка чейин болжол менен 1 миллион жарандын үйлөрүн таштап кеткендигин жарыялады.

БУУ 18 миллион афганистандыктын гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирди.



Тектеш кабарлар