Россия Курил аралдарында аскердик жайларды курууда

Курил аралдарында ушул убакка чейин 30га жакын аскердик объектинин курулушу аяктаганы белгиленди.

1688216
Россия Курил аралдарында аскердик жайларды курууда

Россия Япония чек арасына жакын Курил аралдарында 50дөн ашык аскердик жайларды курат.

Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Курил аралдарында ушул убакка чейин 30га жакын аскердик объектинин курулушу аяктаганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Курулган аскердик объектилердин арасында 7 аскердик турак жай имараты бар, алардын бири быйыл бүткөрүлөт. Жалпысынан 51 аскердик объекттин курулушу жакынкы убакта бүтөт», - деп айтылды.

Экинчи Дүйнөлүк согуштун аягында СССР 1945-жылы Тынч океанды Охотск деңизинен бөлүп турган 1300 километрге созулган Япониянын Курил аралдарын аннексиялап алган болчу.

Аннексиядан кийин Япония тарабынан да "Түндүк аймактар" деп аталган жер тилкеси боюнча пикир келишпестиктен улам Россия менен тынчтык келишимине кол коюу сүйлөшүүлөрүндө тараптар жыйынтык ала албай жатышат.



Тектеш кабарлар