Австралияда эң ири динозавр түрү табылды

Австралияда өлкөнүн эң чоң, дүйнөнүн саналуу чоң динозавр түрлөрүнүн арасына кирген бир түр табылды.

1654751
Австралияда   эң ири динозавр түрү табылды

Австралияда өлкөнүн эң ири, дүйнөнүн саналуу ири динозавр түрлөрүнүн арасына кирген бир түр табылды.

Эроманга жаратылыш тарых музейи жана Квинсленд музейинин изилдөөчүлөрү Австралиянын ички аймагында жайгашкан Эроманга бассейнинен 2007-жылы тапкан динозаврлардын сөөктөрүнүн түрлөрүн аныктоо боюнча изилдөө иштерин башташты.

Эбегейсиз чоң сөөктөрдү изилдөө үчүн 3D сканерлөө технологиясын колдонуп, изилдөөчүлөр сөөктөрдү 10 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөнүн башка аймактарында табылган үлгүлөр менен салыштырышты.

Изилдөөнүн натыйжасында титанозавр түрүнө дал келген сөөктөр Австралиянын ири динозаврына таандык экендиги аныкталды.

Бийиктиги 6,5 метр жана узундугу 30 метр деп божомолдонгон динозавр сөөктөрү табылган бассейнге куйган Купер дарыясына арналып "Australotitan cooperensis" деген ат берилди.

Илимпоздор эки кабаттуу имараттын бийиктигине ээ болгон динозаврдын ушул кезге чейин дүйнө жүзү боюнча ачылган 15 ири динозавр түрүнүн катарына кирээрин белгилешти.

Австралияга бор доорунда келгендиги болжолдолгон түрдүн 90 миллион жылдан ашуун убакыт мурда аймакта жашагандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар