Эйнштейндин кол жазмасы каты 1, 2 миллон долларга сатылды
Эйнштейн 1946-жылы 26-октябрда поляк-америкалык физик Людвик Сильберштейнге жөнөткөн кат жеке коллекцига таандык жалгыз үлгү экендиги белгиленди.
АКШда окумуштуу Альберт Эйнштейндин кол жазмасы менен жазылган кат 1,2 миллион долларга сатылды.
Катты саткан RR аукцион үйүнүн билдирүүсүндө Эйнштейндин дүйнөдөгү эң белгилүү теңдемеси болгон E = mc² формуласын камтыган катынын күтүлгөндөн 3 эсе жогору баада сатылганы маалымдалды.
Эйнштейн 1946-жылы 26-октябрда поляк-америкалык физик Людвик Сильберштейнге жөнөткөн кат жеке коллекцига таандык жалгыз үлгү экендиги белгиленди.
Биринчи жолу 1905-жылы илимий журналда жарыяланган жана физикада массалык-энергетикалык эквиваленттүүлүктү түшүндүргөн E = mc² теңдемеси заманбап физиканын негизги түшүнүгү катары кабыл алынган.
Дүйнөдөгү эң негизги окумуштуулардын бири болгон Альберт Эйнштейн 1921-жылы физика жана математикада жасаган иштери үчүн Нобель сыйлыгын алган.