НАСА Кытайды сынга алды
НАСА : "Кытай космостук уранды тууралуу стандарт жоопкерчилигин аткарбай жатат",- деп билдирди.
1637055
АКШнын Улуттук авиациялык жана космостук агенттиги НАСА ракетасы Инд океанына түшкөн Кытайды «стандарт жоопкерчилигин орундатпагандыгы» менен сынга алды.
НАСАнын башкаруучусу Билл Нелсон соцтармактан берген маалыматында : «Космоско чыккан өлкөлөрдүн жерге кайтып келген унаа калдыктарын адамдарга жана мүлктөргө карата коркунучун азайтышы керек. Кытай космостук уранды тууралуу стандарт жоопкерчилигин аткарбай жатат»,- деди.
Кытай космостук станциясынын модулун орбитага алып баруу үчүн 29 - апрелде космоско учурулган жана көзөмөлдөн чыккан Long March 5B ракетасы Инд океанында Мальдивлерге жакын жерге түшкөн.