Эл аралык космос станциясындагы астронавттар бош убактыларында эмне кылышат?

Француз астронавт Томас Пескет фотосүрөт бөлүштү.

1636496
Эл аралык космос станциясындагы астронавттар бош убактыларында эмне кылышат?

Өткөн айда SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен Эл аралык космос станциясына (ЭКС) жөнөтүлгөн француз астронавт Томас Пескет, бош убактысында эмне менен алектенгендерин көрсөткөн фотосүрөт бөлүштү.

Пескет, Твиттердеги аккаунтуна жазган постунда: «Бош убактыбызда эмне кылабыз? Кээде кинолорду көрөбүз. Экранды жана проекторду орнотуп, туруктуу же калкып турган абалда ыңгайлуу абалды таап, өзүбүзгө суусундуктарды даярдап кинодон ырахат алабыз. Ооба, кино романтикалуу комедия бирок тандоо менин кезегимде эмес эле, дагы деле болсо мага жакты»,-деди.

НАСА тарабынан Элон Маскка таандык SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен өткөн айда Эл аралык космос станциясына 2 америкалык, беркилери француз жана япониялык жалпы 4 астронавт жөнөтүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар