Мьянмада каза болгондордун саны 710го жетти

Саясий туткундарга жардам берүү уюму жарыялаган күнүмдүк отчетто акыркы 24 сааттын ичинде дагы 4 адамдын курман болгондугу маалымдалды.

1620337
Мьянмада каза болгондордун саны 710го жетти

Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн кармалышына каршы жүргүзүлгөн нааразычылык акциясында, коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында каза болгондордун саны 710го жетти.

Саясий туткундарга жардам берүү уюму жарыялаган күнүмдүк отчетто акыркы 24 сааттын ичинде дагы 4 адамдын курман болгондугу маалымдалды.

Жалпы каза болгондордун саны 710 деп билдирилип, 3080 адамдын кармалгандыгы катталды. Отчетко караганда төңкөрүшкө каршы 697 адамды камакка чечими чыгарылганы маалымдалды.

Ушул күнгө чейин каза болгондордун 50сүнүн балдар экендиги билдирилди.

Бир тараптан Мьянма армиясынын нааразычылык акциясына чыккандарга кийлигишип кеминде 82 кишинин өлтүргөн Баго шаарында көп сандаган жарандын үйлөрүн таштап кеткен.

Мьянма прессасына кайрылган активисттер, 10-апрелде Мьянма армиясынын жарандарга карата кыргынынан кийин болжол менен 100 миң кишинин үйлөрүн таштап, шаарга жакын айылдарга баш калкалагандыгын билдиришти.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар