Кызыл деңизде Иранга таандык кемеде жарылуу болду

Ирандын тышкы иштер министринин катчысы Саид Хатибзаде Кызыл деңизде өлкөсүнө таандык «Савиз»   аттуу соода кемеснде жарылуунун болгондугун жана кемеде  чыгымдын болгондугун билдирди.

1616461

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда Хатибзаде Кызыл деңиздин Жибути жээктерине жакын «Савиз» аттуу соода кемесинде кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00 чамаларында жарылуунун болгондугун айтты.

Жарылуунун чыгуу себебин изилдөө иштери улантылып жаткандыгын айткан Хатибзаде окуялардан кийин кемеде чыгымдын болгондугун бирок каза болгон же жаралулуардын болбогондугун белгиледи.

Жарандык «Савиз» аттуу кеменин каракчылар менен күрөшүү жана деңиз коопсуздугун түзүү максатында Кызыл деңизде кемелердин өтүү багытына жайгаштырылгандыгын айткан Хатибзаде Эл аралык деңизчилик уюму IMO менен координация курушкандарын билдирди.

Хатипзаде «Савиз» кемесинин Кызылдеңизде Иран кемелери үчүн логистикалык бир аялдама катары колдонулгандыгын жана кеменин миссиясы менен өзгөчөлүктөрүнүн мурунтадан расмий түрдө  IMOго билдирилгендигин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар