Су Чи мамлекеттик сырлар мыйзамын бузуу менен айыпталууда

Аскердик сот 18 -мартта Су Чини пара алуу менен айыптап 2018-жылы курулуш компаниясынын менеджеринен 550 миң доллар пара алгандыгын ортого салган

1613633
Су Чи мамлекеттик сырлар мыйзамын бузуу менен айыпталууда

Мьянмадагы аскер күчтөрү бийликти басып алгандан кийин кармалган өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри жана лидери Аун Сан Су Чи соттолгон аскер сотунда "Мамлекеттик сырлар мыйзамын бузган" деп айыпталды.

Янгондогу аскердик соттун отурумунан кийин журналисттерге маалымат берген Су Чинин адвокаты Кхин Маунг Зав Су Чинин Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренесинин 1- пунктун бузуу менен айыпталып жатканын билдирди.

1923 - жылы Мьянма эгемендигин алганга чейин кабыл алынган "Мамлекеттик сырлар мыйзамы" деп аталган мыйзам, мамлекеттин душмандарына пайдалуу болушу мүмкүн болгон мамлекеттик маалыматтарды сактоого, жарыялоого жана бөлүшүүгө тыюу салган.

Аскердик сот 18 -мартта Су Чини пара алуу менен айыптап 2018-жылы курулуш компаниясынын менеджеринен 550 миң доллар пара алгандыгын ортого салган.

1-февралдан бери камакка алынган Суу Чи буга чейинки соттук отурумдарда өлкөнүн импорттоо жана экспорттоо мыйзамдарын бузуу, табигый кырсыктарды башкаруу боюнча мыйзамдарды сактабоо жана мамлекеттин мүлкүн уурдоо менен айыпталган.

Бир тараптан Мьянмадагы төңкөрүшкө каршы демонстрацияларда коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу зомбулугунун натыйжасында каза болгон адамдардын саны 543кө жеткен.

Саясий туткундарга жардам берүү уюму AAPP даярдаган отчетко караганда акыркы 24 саатта 7 кишинин дагы каза болгондугу ырасталышы менен жалпы каза болгондордун саны 543 деп жаңыланды.

Отчетто 2 729 киши камакка алынган жана 120 киши тууралуу көзөмөлгө алуу чечиминин чыгарылгандыгы да белгиленди.



Тектеш кабарлар