Мьянмада митингдерде каза болгондордун саны 510го жетти
Мьянма армиясы 2020 - жыл 8 - ноябрдагы шайлоодогу алдамчылык жана өлкөдөгү саясий чыңалуудан кийин 1 - февралда башкарууну колго алган.
Мьянмада аскердик козголоң жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн камакка алынышына каршы уюштурулган митингдерге коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсү менен каза болгондордун саны 510дон жогорулады.
Мьянма саясий туткундарга жардам мекемеси жарыялаган күнүмдүк отчетто акыркы 24 саатта 51 кишинин каза болгондугу ырасталып, жалпы каза болгондордун саны кеминде 510 деп белгиленди.
Отчетто өлкөдө 2 574 кишинин камакка алынгандыгы жана 120 киши тууралуу камоо чечиминин чыгарылгандыгы белгиленди.
27 - марттан бери жоголгондордун арасында 10 бала менен жарандык баш ийбөөчүлүк кылган бир полиция кызматкеринин да бар экендиги билдирилди.
Мьянма армиясы 2020 - жыл 8 - ноябрдагы шайлоодогу алдамчылык жана өлкөдөгү саясий чыңалуудан кийин 1 - февралда башкарууну колго алган.
Армия өлкөнүн лидери жана тышкы иштер министри Аунг Сан Су Чи жана башка көптөгөн жетекчи менен бийликтеги партиянын башкаруучусун камоого алып, бир жылдыгына өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Мьянмалыктар 6 - февралда демократияга кайтуу талабы менен митинг башташкан.