Иран менен Кытай 25 жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту

Ирандын борбор шаары Тегеранга барган Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф менен жолугушту.

1609588
Иран менен Кытай 25 жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту

Тегеран менен Пекин администрациясы, Кытай демилгелеген "Бир алкак бир жол" долбооруна Ирандын кошулуусун көздөгөн 25 жылдык кызматташтык келишимине кол коюшту.

Расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ирандын борбор шаары Тегеранга барган Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф менен жолугушту.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосунда ар кандай тармактардагы кызматташууну максаттаган 25 жылдык келишимге кол коюлду.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 2016-жылы Тегеранга жасаган сапарында биринчи жолу күн тартибине келген Кытай демилгелеген "Бир алкак бир жол" долбооруна Ирандын кошулуусун көздөгөн келишимдин мазмунуна байланыштуу маалымат бөлүшүлгөн жок.

Зарифтин чакыруусу менен Тегеранга барган И, өлкөнүн лидери Али Хаманейдин кеңешчиси Али Ларижани менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар