Дональд Трамптын мом айкели музейден алынды

Сан-Антонио Экспресс-Ньюстун маалыматына ылайык, Луис Туссо музейинин кызматкерлери келген коноктор муштумдаган жана зыян тарткан айкелди алып салуу чечимин чыгарышты.

1605054
Дональд Трамптын мом айкели музейден алынды

АКШнын Сан - Антонио  шаарындагы бир музейде көргөзмөгө коюлган мурунку президент Дональд Трамптын мом айкели көп жолу кол салууга учурагандыктан мажбур түрдө музейден алынды.

Сан-Антонио Экспресс-Ньюстун маалыматына ылайык, Луис Туссо музейинин кызматкерлери келген коноктор муштумдаган жана зыян тарткан айкелди алып салуу чечимин чыгарышты.

Музейдин жетекчилеринин  бири Клэй Стюарт белгилүү саясатчылардын айкелдери менен маал-маал кыйынчылыктарды жашашкандарын  айтып, 2020-жылы шайлоо өнөктүгү учурунда Трамптын айкелине кол салуулар көбөйгөнүн белгиледи.

Трамптын мом айкели Россиянын лидери Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын фигураларынын ортосуна коюлган.

Стюарт АКШнын президенти Жо Байдендин айкели жасалып бүтмөйүнчө, Трамптын айкелин кайрадан көргөзмөгө коюшпай тургандарын билдирди. Жорж Буш менен Барак Обама сыяктуу Американын мурунку президенттеринин фигураларынын да келген коноктордун кол салуусуна учурагандыгын айтты.



Тектеш кабарлар