Ирандын саламаттык сактоо министри : "Өзүңөрдү бороонго даярдагыла"
Ирандын саламаттык сактоо министри Саид Намаки өлкөдө эпидемиялык учурлардын көбөйө тургандыгын жана эң начар сценарийге даяр болуу керектигин айтты.
Ирандын саламаттык сактоо министри Саид Намаки өлкөдө коронавирус бейтаптарынын саны көбөйөрүнөишенгендигин айтып элди жана саламаттык сактоо мекемелерин «бороонго даярданууга» чакырды.
Кум аймагындагы Ковид-19 программасында сөз сүйлөгөн Намаки Ковид-19дун мутацияга учураган вариантынын таасири менен өлкөдө эпидемиялык учурлардын көбөйө тургандыгын жана эң начар сценарийге даяр болуу керектигин айтты.
Аймактагы Ковид- 19тууралуу маалыматтардын жакшы эмес экендигин белгилеген Намаки : «Өзүңөрдү бороонго даярдагыла. Абалдын ушул бойдон каларына ишенбейм жана катуу бир бороон менен беттешерибизди жана буга даяр болуубуз керектигине ишенем»,- деди.
Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары жана Корона менен улуттук күрөшүү кеңешинин катчысы Али Рыза Реиси болсо Кытайдын Sinopharm фирмасынан алынган 250 000 доза Ковид- 19вакцинасынынбүгүн өлкөгө келерин айтты.