Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Индияда эпидемиядан улам 156  553  киши каза болуп, жалпы бейтап саны 11 миллион 22  582ге жетти.

1589136
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллион 487 875ке  жетти. Бейтап саны 112 миллион 373 000ден, айыккандардын саны 87  миллион 884 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан улам 156  553  киши каза болуп, жалпы бейтап саны 11 миллион 22  582ге жетти.

Жалпы Африка материгинде Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 101 853кө жетти. Жалпы материкте бейтап саны да 3 миллион 865 474кө жогорулады. Материкте эң көп бейтап болгон Түштүк Африка ресаубликасында Ковид- 19дан  каза болгондордун саны 49 150гө жетти. 

Тунисте 24 саатта Ковид  - 19дан 18 киши дагы каза болуп, 575 кишиде вирус аныкталды. Ушуга караганда өлкөдө каза болгондордун саны 7 811ге, вирус жуктаргандардын саны 228 937ге жогорулады.

Иорданияда акыркы бир күндө 16 киши дагы коронавирустан каза болуп, 4 550 жаңы учур катталды. Өлкөдө эпидемиядан каза болгондордун саны 4 570ке жетип, бейтап саны 368 278ге жогорулады.

Нигерияда коронавирустан 1862 киши каза болуп, 152 616 киши вирус жуктарган. Өлкөдө коронавирустан B.1.2.5 аттуу жаңы түрү аныкталды.

Сириянын саламаттык сактоо директорунун орун басары жана вакцина программасы боюнча  жооптуусу профессор Фырат Ферхат 1 -  февралдан тарта өлкөнүн түндүк батышындагы Идлиб шаарында Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 227ге жеткенин, бейтап санынын 11 515 болуп катталгандыгын жарыялады.

Ковид  - 19дан 1460 киши каза болуп, 86 миң 1 бейтап катталган Кыргызстанда Ковид  - 19га каршы Россия чыгарган  Sputnik Vнын өлкөдө колдонулушу бекитилди.

Ковид-19дан каза болгондордун саны 25309га жеткен Украинада коронавируска  каршы AstraZeneca вакцинасын колдонууга уруксат берилди



Тектеш кабарлар