Ковид-19 жакынкы 10 жыл үчүн көйгөй

"Пандемияны жеңүүдө эл аралык кызматташтык" аттуу видеоконференция өткөрүлдү.

1584998
Ковид-19 жакынкы 10 жыл үчүн көйгөй

Коронавирустун (Ковид-19) вакцинасын иштеп чыккан Германиянын биотехнологиялык компаниясы BioNTechтин негиздөөчүсү профессор доктор Угур Шахин вирустун жакынкы 10 жылда көйгөй жаратаарын баса белгилеп: «Вакцинаны 10 миллиондон ашуун адамга жеткирдик, бирок алдыда дагы көп нерселер бар. Вакцинабызды дүйнө жүзүндөгү бардык адамдарга жеткирүүнү каалайбыз», деди.

Дүйнөлүк банк-Эл аралык Валюта Фонду (IMF) Түрк Кызматкерлер Ассоциациясы (WITSA), BioNTechтин негиздөөчүлөрү Угур Шахин жана анын жубайы доктор Өзлем Түрежинин катышуусунда "Пандемияны жеңүүдө эл аралык кызматташтык" аттуу видеоконференция уюштурду.

Вирус менен күрөшүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген Шахин: «Бул вирустун бизде калаары айдан ачык. Бул бир гана 2021-жылдын жана 2022-жылдын убактылуу маселеси эмес. Бул жакынкы 10 жыл үчүн кыйынчылык жаратат»,-деди.

Вакцинанын бөлүштүрүлүшүндө жана жеткиликтүүлүгүндө теңдикти камсыз кылууну каалашкандарын белгилеген Өзлем Түрежи, бул жаатта эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар